AstraZenecа британиялык вакцинасы Кыргызстанга майдын аягына чейин жеткирилет

AstraZenecа британиялык вакцинасы Кыргызстанга майдын аягына чейин жеткирилет. Бул тууралуу novosti.kgге Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

 

Анын айтымында, вакцинанын 420 миң дозасы келет деп күтүлүүдө. Бул 210 миң адамды эмдөөгө жетет. AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө жүргүзүүдө адаттагыдай эле 65 жаштан жогорку, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, дарыгерлерге, мугалимдерге жана милиция кызматкерлерине басым жасалат.