Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси 22-23-майда өтөт. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жарманкелер Раззаков – Киев, Айтматов – Токтогул көчөлөр кесилишинде уюштурулат.
Бул жерлерден жарандар эт, сүт, ун жана башка азыктарды базар баасынан 10-15 пайызга арзан ала алат.