Кыргызстанда дагы 25 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, Бишкекте 6, Чүйдө 4, Ош облусунда 3, Ош шаарында 3, Нарында 9 киши катталды.
Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 656га жетти.