Польшалык дарыгерлер тобу Ош жана Жалал-Абадга жөнөтүлөт.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, чет өлкөлүк
дарыгерлер тобу Бишкекте ишин аяктады. Алар төрт күн бою Республикалык
клиникалык ооруканасында болуп, бейтаптарды көзөмөлгө алышты. Эске салсак,
Кыргызстанга 19-апрелде Польшадан сегиз дарыгер келген. Алар биздин
өлкодөгү кесиптештерине коронавируска каршы күрөшүүгө жаржам беришет.