Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолу 1-апрелде ачылат

Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолу 1-апрелде ачылат. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.  Маалыматка ылайык, трассанын 50-80-чакырымдары өткөн жылдын ноябрь айында аба-ырайынын катаал шарттарын эске алуу менен жабылган болчу.

 

Учурда жеринде жолчулар иштеп, кар күрткүлөрүн жана көчкүлөрдү тазалап, унаа кыймылын ачууга даярдык көрүлүүдө.