Жыл башынан бери жолдордогу жаратылыш кырсыктарынан 120 миллион сом чыгым келтирилди

Жыл башынан бери жолдордогу жаратылыш кырсыктарынан 120 миллион сом чыгым келтирилди.

 

Жол чарбачылыгы департаментинин маалыматына ылайык, трассаларды сел кесепеттеринен тазалоого 27,5 миллион сом багытталды.

 

Учурда жабыркаган жолдордо убактылуу кыймыл уюштурулду. Эске салсак, майдан июнга чейин бир нече жолу нөшөрлөгөн жаан жаады. Жыйынтыгында жалпы колдонуучу жолдор, суу түтүктөрү жана көпүрөлөр жабыркаган.