Өзгөн шаарында Хамза көчөсү ондоп-түзөөдөн өтүп жатат.
Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда иштер кызуу жүрүүдө.
Жыйынтыгында көчөнүн дээрлик 1 чакырым тилкесине асфальт төшөлөт.
Долбоордун баасы 5 миллион 560 миң сомду түзөт.
Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилди.