Ат-Башы районунда эфир майын чыгарган ишкана ачылды

Ат-Башы районунда эфир майын чыгарган ишкана ачылды.

Анын алкагында 10 жаңы жумуш орду түзүлдү, – деп билдиришти президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн.

Маалыматка ылайык, сезон убагында бул жерде жумушка 35 адам тартылат.

Ишканада 30га жакын чөптүн түрү, 10 чөптүн жыйындысы чыгарылып, дары чөптөрдүн уруктарынан эфир майы өндүрүлөт.