Индиянын тарыхында экинчи жолу аял президент болду

Индиянын тарыхында экинчи жолу аял президент болду.

Шайлоодо Улуттук демократиялык альянстын талапкери Драупади Мурму жеңди.

Мурму штаттардын жана аймактардын парламенттеринин жана жергиликтүү ассамблеяларынын мүчөлөрүнүн ичинен шайлоочулардын 64 пайыз добушуна ээ болду, анын атаандашы оппозициячыл Яшвант Синха үчүн 36 пайыз добуш берилди.

Мурму азыркы президент Рам Натх Ковинддин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга бир күн калганда, тагыраагы, 25-июлда ант берет.

Белгилеп кетсек, Индиянын президенти беш жылга эң көп дегенде эки мөөнөткө шайланат.