Ноокатта 160 орундуу тигүү цехи ачылды

Ноокатта 160 орундуу тигүү цехи ачылды.

Novosti.kgге президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ишкана ички инвестор тарабынан пайдаланууга берилди.

Көк-Жар айыл өкмөтүндө жайгашкан тигүү цехте даярдалган продукция Россияга экспорттолот.

Кошумчаласак, өндүрүшкө 145 миң доллар сарпталды.