Ушул жылдын аягына чейин Балыкчыда өлкөдөгү эң ири эт комбинаты ишке кирет

Ушул жылдын аягына чейин Балыкчыда өлкөдөгү эң ири эт комбинаты ишке кирет.

Ири жана майда малды союп, этти кайра иштетүүчү заводдун курулушу аяктоо алдында турат.

Долбоорго ылайык, технологиялык линиянын кубаттуулугу бир өндүрүш нөөмөтүндө 100 баш бодо малды жана 1 миң баш майда малды түзөт.

Объекттин ЕАЭБдин бардык ички стандарттарына, тамак-аш жана санитардык коопсуздуктун эл аралык талаптарына жооп берген өзүнүн ветеринардык лабораториясы болот.