Кыргызстанда убактылуу айдоочу күбөлүктөрүнүн мөөнөтү 15-февралда соңуна чыгат

Кыргызстанда убактылуу айдоочу күбөлүктөрүнүн мөөнөтү 15-февралда соңуна чыгат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан эскертишүүдө. Ага чейин айдоочулар убактылуу күбөлүктөрүн туруктуу документке алмаштырууга жетишип калышы керек.

 

Аларды алмаштырууга арыздар Чокан Валиханов   2 дарегиндеги “Унаа” мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмүндө кабыл алынат. Ал эми даяр документтер Ауэзов көчөсүндөгү №4 калкты тейлөө борборунда берилүүдө.