Баткенде жаңжалдан каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө турак-жай куруу алдына 2 гектар жер тилкеси бөлүндү

Баткенде жаңжалдан каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө турак-жай куруу алдына 2 гектар жер тилкеси бөлүндү. Бул тууралуу аймактагы өкмөттүн ыктыярдуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Баткен шаарынын мэриясы Чет-Булак кварталынан жер бөлүп берди. Үйлөр 4 бөлмөдөн туруп, огороддору дагы болот. Кийин бул жерде бала бакча жана эс алуу аймагы курулат. Жарандар жаңы үйлөрүндө 2 айдан кийин жашап калат деп пландалууда.