Француз ашпозчулары дүйнөдөгү эң узун багет жасашты. 140 метрлик нан Гиннес рекорддор китебине кирди. Ал кадимки багеттен 235 эсе узун. Азыкты дардоо үчүн 12 кондитер 8 саат тынбай иштеди.
Нанга ун, суу, ачыткыч жана туз гана кошулган. Буга чейинки рекорд италиялык ашпозчуларга таандык. Анда нандын узундугу 122 метрге барабар болгон.