Австралия өзүнүн “Кальмар оюнун” киргизет. Катышуучулар чыныгы күрөшкө катышып, чоң суммадагы акча ута алат. Бирок алардын өмүрү коркунучта эмес. Оюндар кийинки жылдын февраль айында старт алат.
Жалпысынан 2 миң катышуучу тандалып алынып, алар өз ара мелдешет. Ар бир раунддан кийин утулгандар оюндан четтетилет. Финалга бир гана оюнчу жетип, ал акчалай сыйлыкка ээ болот.