Монополдукка каршы жөнгө салуу агенттиги Кыргызстандагы көмүрдүн баасын бекитти.
Эми кара отун сатуу түйүндөрүндө баалар белгиленген суммадан ашпашы керек. Алсак,
Бишкекте жана Чүй облусунда тоннасы – 4,5 миң сомдон, Ошто – 6 миңден, Жалал-Абад жана
Таласта – 6,5 миңден, Нарында – 4 миң 700 сомдон, Ысык-Көлдө – 6 миң 800 сомдон,
ошондой эле Баткенде – 8 миң 700 сомдон жогору сатылбашы шарт. Эске салсак,
өлкөдө көмүрдүн кымбатташын токтотуу үчүн өкмөттүн токтому чыккан.
Ага ылайык, кара отундун баасы 90 күн жөнгө салынат.