Бишкекте Токомбаев көчөсү убактылуу жабылат

Бишкекте Токомбаев көчөсү убактылуу жабылат. Чектөөлөр вело-сезонду жабууга байланыштуу киргизилет.

 

Мэриянын маалыматына ылайык, 24-октябрда эртең мененки саат 10дон 11ге чейин анын Байтик Баатырдан Нуркамал Жетишкаевага чейинки тилкеси тосулат.

 

Айдоочуларга тыгындарды жаратпоо максатында башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.