WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот. Кеп, башка тиркемелерде мурда эле бар болгон реакция калтыруу функциясы тууралуу болуп жатат.

 

Мисалы, статус бөлүмүндө чыгарылган сүрөт же видеолорго башка колдонуучулар смайликтер менен реакция калтыра алат.

 

Иштеп чыгуучулар мындай жол менен баарлашууну жеңилдетүү ниетинде. Учурда опция тестирлөөдөн өтүп жатат.