Балага мектеп формасын туура тандоо жолу айтылды

Балага мектеп формасын туура тандоо жолу айтылды.

Россиялык педиатрлардын айтымында, форма ыңгайлуу жана

баланын өзүнө жагып, кездемеси ысык же суукту тартпашы зарыл,

ошондой эле ал чоң же тар болбошу керек. Андан тышкары, окуучуга кымбат

кийимдин дагы зарылдыгы жок. Чоңоюп калган бала менен кийимди чогуу тандаган туура.

Ал эми сырткы кийим жеңил жана жууп-тазалаганга оңой болушу керек.

Эгер бала мектепке өзү барып-келсе, сырткы кийиминде жарыкты

чагылдырган ленталарды чаптап коюу сунушталат. Бул кечкисин окуудан келе

жатканда коопсуз жүрүүгө шарт түзөт. Ал эми бут кийим тердетпеген жана

жумшак болушу шарт. Боо менен эмес, чаптама бут кийимдер ыңгайлуу, — дешет адистер.