Ифана шаары Раззаков деп өзгөртүлдү. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Исфана шаарына мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун атын ыйгаруу тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 16-мартта дароо үч окууда кабыл алган.
Раззаков шаары — Баткен облусундагы Лейлек районунун борбору. Үч тарабынан Тажикстан менен чектешет. 2009-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгына ылайык шаарда 30 миңге жакын эл жашайт.