Ажылык сапар быйыл 1000 долларга кымбат болушу мүмкүн.
Аталган сапарды уюштуруу боюнча штабдын маалыматына караганда, зыяраттын баасы 4 миң 500 доллар болушу күтүлүүдө.
Белгилеп кетсек, Сауд Арабиясы быйылкы сапарга Кыргызстан үчүн 2 миң 766 квота бөлдү.
Зыяратчылар төлөмдү 25-апрелден 30уна чейин жүргүзүшү керек.
Талапка ылайык, ажыга бара тургандар 65 жашка чейин, COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн жана ПЦР тесттин таза жыйынтыгын көрсөтүшү зарыл.