Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды.
Монголиядагы чемпионатта ал алтын үчүн кармашта казакстандык Мадина Бакбергеновага 2:3 эсебинде жеңилип калды.
23 жаштагы Мээрим Жуманазарова ушуну менен экинчи жолу кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына чыгып жатат.
Эске салсак, 19-апрелде башталган күрөш боюнча Азия чемпионаты 24-апрелде жыйынтыкталат.
Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча таймаштар өтүп, анда кыргызстандык балбандар 3 алтын, 3 коло медаль тагынышты.
Таймаштарга жалпысынан 21 кыргыз спортчусу катышууда.