Саламаттык сактоо министрлиги бардык процесстерди санариптик форматка өткөрүүдө.
Мекеменин маалыматына ылайык, медициналык кызматкерлердин жана саламаттык сактоо уюмдарынын ишин оптималдаштыруу үчүн 14 отчеттук статистикалык формасы кыскартылды. Мындай иш-чаралар 2022-24-жылдарга карата “Санариптик саламаттык сактоонун максаттык моделин өнүктүрүүнүн” алкагында жүрүүдө.