Азия чемпионатына 22 балбан катышат. Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциядан билдиришкендей, биринчилик Индияда 18-23-февраль аралыгында өтөт.
Кыргызстан намысын коргоп баргандардын арасында Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Жоламан Шаршенбеков, Руслан Царев, Улукбек Жолдошбеков жана Чыңгыз Керимкулов бар.