Хоккей боюнча дүйнө чемпионатында биздин өлкөнүн атаандаштары аныкталды.
Аталган спорт түрү федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбековдун
айтымында, Кыргызстан Филиппин, Малайзия жана Кувейт менен ойнойт.
Уткан команда төртүнчү дивизиондон үчүнчү дивизионго өтөт. Эске салсак,
шайба менен хоккей ойноо боюнча дүйнө чемпионаты 3-марттан 5ине чейин
Бишкектеги шаардык муз аянтчасында өтөөрү белгилүү болду.