“Ювентус” “Аталантаны” жеңип Италия кубогуна ээ болду

“Ювентус” “Аталантаны” жеңип Италия кубогуна ээ болду.

Беттеш 2:1 эсебинде жыйынтыкталды, — деп билдирет rsport басылмасы.

Ийгилик алып келген голдорду Деян Кулушевски жана Федерико Кьеза жаратты.

Ал эми “Аталантадан” жалгыз голду Руслан Малиновский киргизди. Кошумчаласак,

футбол боюнча Италиянын чемпионатында “Аталанта” 78 упайы менен

экинчи орунда келе жатса, “Ювентус” 75 упай менен бешинчи сапта.