“eBay” интернет платформасында 1 сом купюрасы аукционго коюлду. Анын баштапкы баасы 1 доллар 42 центти же 120 сомду түзөт. Платформадан ар түрдүү мамлекеттин түрдүү банкноталарын сатып алса болот.
Ал эми аукционго коюлган купюра 1993-жылы чыгарылган биринчи сериядагы банкнот. Анда Манас сүрөттөлгөн. Азыр төртүнчү сериядагы банкноттор колдонулууда.