WhatsApp мессенджери жаңы функция тартуулайт – өзү жок болуп кетүүчү чаттар

WhatsApp мессенджери жаңы функция тартуулайт – өзү жок болуп кетүүчү чаттар. Жаңычылдык жаңы сүйлөшүүлөргө гана тиешелүү болот. Аларды түзүүдө колдонуучу диалог канча убакыттан кийин өчө турганын өзү аныктап алат – бир сутка, бир жума же 90 күн.

 

Чатты өчүрбөй эле коюу опциясы дагы бар. Ал эми азыркы диалогдорго функция колдонулбайт.