Ысык-Көл облусунун Түп районунун Долон айылында коньки тебүү сезону башталды.
Жыл сайын Долон көлү табигый жол менен өзү тоңот. Муз аянтчада хоккеисттер жана
коньки тебүүнү сүйүүчүлөр ойнойт. Долон көлүнүн узундугу — 2,5 чакырымды түзөт.
Туурасы – 350 метр болсо, тереңдиги – 25-30 метрге жетет. Жыл сайын сууктун
түшүшү менен 60 сантиметр калыңдыктагы муз пайда болот. Ага атайын текшерүү
жүргүзүлөт. Айыл өкмөттөн билдиришкендей, быйылкы жылдын эсебинен
андан муз тебүүгө уруксат берилди.