17-февралдан 18-февралга караган түнү Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалындагы оюндар өтөт. Бүгүнкү оюнда 1/8 финалга чыккан 4 команда кез келет.
Оюндардын тизмеси: «Севилья» (Испания) — «Боруссия Дортмунд» (Германия);
«Рамон Санчес Писхуан» стадиону (Севилья шаары, Испания);
Башкы калыс: Дэнни Маккели (Нидерланды).
«Порту» (Португалия) — «Ювентус» (Италия);
«Драган» стадиону (Порту шаары, Португалия);
Башкы калыс: Карлос дель Серро Гранде (Испания).
Оюндар Бишкек убактысы боюнча саат 02:00дө башталат жана коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтөт.