Бүгүн футбол боюнча Европа чемпионатынын чейрек финалдык оюндары старт алат

Бүгүн футбол боюнча Европа чемпионатынын чейрек финалдык оюндары старт алат. Санкт-Петербургда турнирдин кийинки туруна өтүү укугу үчүн Швейцария – Испания курамалары кез келсе, Мюнхенде Бельгия жана Италиянын футболчулары жолугат.

 

Оюндар Бишкек убактысы боюнча кечки саат 10до жана түнкү 1де башталат.

 

Ал эми эртең Бакуда Чехия курамасы даниялыктар менен, Римде англиялыктар Украина курамасы менен ойнойт.