Спортчу Роман Петров фехтование боюнча эл аралык мелдешке катышат

Спортчу Роман Петров фехтование боюнча эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Фехтование боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү Роман Петров Олимпиада оюндарына даярдык көрүү максатында 16-майдан 20-майга чейин Харьков шаарында (Украина) өтө турган эл аралык окуу-машыгуу жыйынга жана андан ары 21-23-май күндөрү ошол эле шаарда фехтование боюнча эл аралык мелдешке катышат.
Белгилей кетсек, спортчу 16-майдан 24-майга чейин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан Харьков шаарына жөнөтүлөт.