Бүгүн Бишкекте өтүп жаткан 4-дивизиондогу командалар арасында хоккей боюнча дүйнө
чемпионатында Кыргызстан Сингапур менен беттешет. Эки команданын оюну кечки
саат 8де шаардык муз аянтында башталат. Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын
курамасы Иранды 13:1, Малайзияны 22:1 эсебинде жеңген. Мелдешке Кыргызстан,
Кувейт, Малайзия, Сингапур жана Ирандын хоккейчилери катышууда.
Турнир эртең жыйынтыкталат