Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпионатында бүгүн алтын медаль үчүн күч сынашат

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпионатында бүгүн алтын медаль үчүн күч сынашат. Кызыгы, ал Токиодогу Олимпиада оюндарынын чейрек финалында утулуп калган молдовалык Виктор Чобану менен кайрадан килем үстүнө чыгып, алтынды талашат.

 

Анда Шаршенбеков атаандашына 9:0 эсебинде жеңилген болчу. Финалдык беттеш бүгүн кечки саат 10до башталат.