Кыргызстан балбандары кезектеги ирет эл аралык мелдешке катышат.
Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, эркин күрөш боюнча
өлкө курамасынын 13 спортчусу таймашка чыгат. Аларды 3 машыктыруучу
коштоп барат. Турнир кечээ башталды, ал 27-июнда жыйынтыкталат.
Оюндар Түркиянын Стамбул шаарында өтөт.