Бүгүн кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Меккеге келди

Бүгүн кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Меккеге келди. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, зыяратчылар Сауд Араб Падышачылыгынын ыйык Медина шаарына сапар алды.

 

«Бүгүн 405 жаран ажылык ибадатын аткаруу үчүн жөнөп жатса, аларды 8 ажы башчы жана штаб жетекчиси, дарыгерлер коштоп келди», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстандан ажылыкка 2 миң 766 адам барат. Зыяраттын баасы $4 миң 500 деп эсептелген.