Курман айтта мечиттерде бир катар чектөөлөр киргизилет

Курман айтта мечиттерде бир катар чектөөлөр киргизилет.

 

Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришкендей, айт намаз мечиттерде гана окулат, келген жарандардын баары бет кап тагынып, ортодогу 1,5 метр аралык сакталышы шарт.

 

Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат. Дене табы көтөрүлгөндөр, сыркоологондор жана жаш балдар мечитке киргизилбейт. Муфтият жума намазы окулуп бүтөрү менен жарандарды көпкө кармалбай, тез тарап кетүүгө чакырды. Кыргызстанда Курман айт 20-июлда белгиленет.