Бишкекте таэквондо боюнча 1500 спортчу катышкан дүйнө чемпионаты өтөт

Бишкекте биринчи жолу таэквондо (GTF версиясы) боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдалгандай, турнир 24-июлда башталып 31-июлга чейин уланат.
Чемпиондукка дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүнөн командалар катышат.
«Жылдын ири турнири деп саналган бул чемпиондукка 1500дөн ашык спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Спорттук иш-чара Дене тарбия жана спорт департаментинин колдоосу менен уюштурулууда. Мындай чоң масштабдагы турнир Кыргызстандагы спорттун өнүгүшүнө чоң салым кошот», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда таэквондонун ITF, WTF жана GTF аталышындагы федерациялары бар. Спорттук уюмдар дүйнөдө ар кайсы жылдары негизделип, кийин өлкөдө да ачылган. Бул федерациялардын аталыштарында гана эмес, оюн эрежесинде да айырмачылыктар бар.