15-декабрдан тартып президенттикке талапкерлер шайлоочулар менен жолугушса болот.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка караганда,
жолугушууларды онлайн форматында өткөрсө болот. Аларга чектөө жок.
Мөөнөт 9-январда таңкы саат 8ге чейин берилет. Бирок театрлаштырылган
иш-чараларды жана спорттук мелдештерди өткөрүүгө уруксат берилбейт.
Өлкө башчылыкка талапкерлер 14-ноябрга чейин арыздарын тапшырышы керек.
Ал эми каттоого 6-декабрга чейин убакыт берилет.
Мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоо 10-январга белгиленди.