Бүгүнтөн тарта Бишкекте №55 автобус жүрө баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маршрут Чоң-Арык айылынан айланма жол менен жүрүп, Байтик Баатыр көчөсүн, Жибек Жолу жана Чыңгыз Айтматов проспектилерин камтыйт. Анын узундугу 24 чакырым.
Бул линияга 20 автобус чыгат. Алардын аралыгы 10 мүнөттү түзөт.