Бишкекте Жеңиштин 79 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү.

 

Иш-чара Жеңиш аянтында болуп, ага өлкөнүн саясий жана аскердик жетекчилиги, ардагерлер, Улуттук гвардиянын жоокерлери жана шаардын тургундары катышты.

 

Алгач Өчпөс отко гүлчамбар коюлуп, согушта курман болгондор эскерилди. Салтанатта президенттин куттуктоосун мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов окуп берди.

 

Иш-чара Бишкек гарнизонунун салтанаттуу маршы менен жыйынтыкталды.