Чүй облусундагы аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн күн батареялары орнотулду

Чүй облусундагы аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн күн батареялары орнотулду. Эмгек министрлигинин маалыматына караганда, «Нур-Кубат» долбоорунун алкагында 10 үй-бүлөгө техникалар тапшырылды.

 

Программа пилоттук режимде Жайыл жана Чүй райондорунда ишке ашырылууда.

 

Мекеме бул үй-бүлөлөрдөн ашыкча өндүрүлгөн электр энергиясын мамлекет сатып аларын белгилейт. Бул жарандарды кошумча каражат менен камсыз кылат.