Бүгүнтөн тарта Бишкекте №49 автобус каттай баштады. Муниципалитеттен билдиришкендей, транспорт 33-маршрутканын ордуна Арча-Бешик конушунда 24 чакырымды түзгөн айланма жол менен жүрөт.
Автобустардын ортосундагы аралык 7 мүнөттү түзөт.
Каттамга 11 автобус чыкты.