Бишкекте көмүр сатуу базаларында рейд жүрүүдө

Бишкекте көмүр сатуу базаларында рейд жүрүүдө.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ордо калаадагы кара отун сатуу түйүндөрүнүн

сатуучуларына бааларды негизсиз жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү

иштери жүргүзүлүп жатат. Учурда калк үчүн көмүрдүн тоонасы

4 миң 500 сомдон сатылышы керек. Калаа бийлигинен белгилешкендей,

ушундай эле рейд жеткирүүчүлөр арасында дагы жүргүзүлөт. Эске салсак,

буга чейин министрлер кабинети көмүрдүн баасын 90 күндүк көзөмөлгө алган.