УКМКнын Кара-Кулжа райондук бөлүмүнө жаңы имарат курулду

УКМКнын Ош облустук Башкы башкармалыгынын Кара-Кулжа райондук бөлүмү жаңы имаратка көчтү.

Эми аталган бөлүмдүн кызматкерлери заманбап жабдуулар менен камсыздалган, жумуш үчүн зарыл болгон бардык шарттары бар жаңы имаратта кызматтык милдеттерин аткарып баштады, — деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.