Кыргызстандын айрым ашууларында кар жаап жатат, бирок жолдор кыймылга ачык. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолундагы Ала-Бел, Төө-Ашуу жана Чычкан капчыгайында жолду кардан тазалоо жана кум себүү иштери жүрүүдө.
Өтмөктө кар бар, жол тайгак.
Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолундагы Чапчыма ашуусунда кар жаап жатат. Жолго инерттик материалдар себилүүдө.
Өлкөнүн башка жолдору менен ашуулары ачык жана унаа кыймылына эч кандай чектөөлөр жок, — деп айтылат маалыматта.