Кыргызстандын мектептерин жана жогорку окуу жайларын коронавирустун айынан карантинге жабууга негиз жок

Кыргызстандын мектептерин жана жогорку окуу жайларын коронавирустун айынан карантинге жабууга негиз жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Учурда окуучулар менен студенттер сабактарга активдүү катышууда.

 

Күн сайын окууга келгендердин саны 95 пайыздын тегерегинде болуп жатат. Шарт боюнча билим алуучулардын 25 пайызы сабакка келбей калганда гана карантин жарыяланат. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда коронавирус катталган жок.