Чаткалда мектептин шыбы урады, жабыркагандар бар

Чаткалда мектептин шыбы урады, жабыркагандар бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, №18 Чымканаев атындагы орто мектептин окуу кабинетинин шыбы урап, 18 окуучу менен мугалим коопсуз жайга чыгарылды.

 

Андан кийин Ала-Бука райондук ооруканасына жөнөтүлдү. Кырсык болгон жерге куткаруучулар тобу тартылды.