15-сентябрдан тартып Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде окуу кадимки тартип менен башталат

15-сентябрдан тартып Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде окуу кадимки тартип менен башталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, мектептер окуучуларды кабыл алууга даяр.

 

Мугалимдер жана башка кызматкерлерге эмдөө жүрүүдө. Учурга карата 55 пайыздан ашыгына вакцина сайылды.

 

Планга ылайык, 70 пайыз мугалимдер эмдөөдөн өтүшү керек. Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында атайын алгоритм иштелип чыкты. Эске салсак, быйыл жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат.