Балдар арасында курч респиратордук жугуштуу оорулар көбөйгөндүктөн Кыргызстанда бардык мектептер 24-декабрга чейин онлайн окутууга өттү

Балдар арасында курч респиратордук жугуштуу оорулар көбөйгөндүктөн Кыргызстанда бардык мектептер 24-декабрга чейин онлайн окутууга өттү.

 

Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

 

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу буга чейин 509 мектеп, 168 бала бакча карантинге жабылган болчу. Белгилеп кетсек, ооруларды алдын алуу жана санэпидем көзөмөл департаменти Кыргызстанда соңку аптада сасык тумоого чалдыккандар дээрлик 1,5 эсе көбөйгөнүн билдирген.